20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 15…17 градус жогору болот.