УКМК 84 килограмм алтын алып келүү фактысы аныкталганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 17-апрелде чек арадагы “Ак-Жол” бекетинде 84 килограммга жакын, баасы болжол менен 300 миллион сомдон ашык деп бааланган алтын кармалганын билдирди. Ага ылайык, алтын Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирин көздөй бараткан, тиешелүү документтери жок “JAC” үлгүсүндөгү машинада болгон. УКМК бул компания тууралуу маалымат берген жок.

"Учурда иликтеп-териштирүүнүн алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат",- деп жазылган маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун былтыр жыл аягында берген маалыматына ылайык, 2022-жылдын он айында тоо-кен тармагынан бюджетке 39,6 миллиард сомдон ашык акча түшкөн. 2020-жылы бул көрсөткүч 18 миллиарддан ашык, ал эми 2021-жылы 23 миллиард сомго жакын болгон. Акылбек Жапаров былтыркы өсүштү Кумтөр менен негиздеген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.

Дагы караңыз

Өкмөттө Орусияга балык, эт жана сүт экспортун көбөйтүү талкууланды Парламентте Ширшовдун аты аталган жаңы схемалар тууралуу айтылды Орус армиясы Одессага "Шахед" дрондору менен чабуул жасады Таластагы Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү Эркечтам бекети: ЖКда айдоочулардын тыгыны жөнүндө маселе көтөрүлдү Орусия: АКШ, Британия жана Канаданын элчилери ТИМге чакыртылды Украина менен Польша дан транзитин кайра жандантууну макулдашты