Быйыл Венгрияга 2 миң кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөт

Кыргыз-венгр форуму.

Быйыл Венгрия 2 миң кыргыз жаранын жумуш менен камсыздай турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 19-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Кыргызстандын Венриядагы элчилиги менен Венгриянын Тышкы иштер министрлиги Будапештте эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу боюнча кыргыз-венгр форумун өткөргөн.

Ага Кыргызстандан 25тен ашык жана Венгриядан 30дай жумушка орноштуруу агенттиктеринин өкүлдөрү катышкан. Аларга Кыргызстан Венгриянын жумушка орноштуруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби бар өлкөлөрдүн катарына киргени айтылып, жумуш менен камсыз кылуунун талаптары түшүндүрүлдү.

Бул иш-чара президент Садыр Жапаровдун 13-14-февралда Венгрияга расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн өткөнү белгиленген.

“Форумдун жыйынтыгында эки өлкөнүн жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ортосунда кызматташуу боюнча 25тен ашык келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду”, - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу борбору быйыл 2 миң кыргызстандык Британияга айыл чарба жумуштарына жөнөтүлөрүн 13-январда билдирген.

Мекеме ошол маалда Кувейтке тейлөө тармагында жана Венгрия менен завод-фабрикаларда иштөөгө кыргыз жарандарын жиберүү үчүн келишимдерди түзүү пландалып жатканын да кабарлаган.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги былтыр Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы менен да келишимге кол койгон. Ага ылайык, Жапонияга 300 кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрү кабарланган. Андан тышкары Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү маалым болгон.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген жүздөн ашуун жеке агенттик бар. Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарды ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт. (TAb)

Дагы караңыз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына Улан Сарбанов жетекчи болдуПарламентте Ширшовдун аты аталган жаңы схемалар тууралуу айтылды Орус армиясы Одессага "Шахед" дрондору менен чабуул жасады "Улуу мурас" аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрдү