“Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнак жарык көрүп, 18-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бет ачары өттү. Аталган жыйнакка буга чейин нотага түшпөгөн айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырлары кирген. Чыгармалар нота, текст жана QR-коду менен басылып чыкты.
Хрестоматиялык китеп "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында эл аралык "Кристенсен" уюмунун демөөрчүлүгү менен жарык көргөн. Түзүүчүлөр - белгилүү дастанчылар Өмүрзак Кайыпов, Самат Көчөрбаев.
Алардын айтымында, этностилдеги дизайнда чыккан китеп Билим берүү министрлигинен, өлкөдөгү бир катар окуу жайлардан, окумуштуулар кеңешинин сынынан өтүп, расмий түрдө рецензия алган.
500 нускада басылып чыккан “Улуу мурас” эмгеги маданий-музыкалык окуу жайлар, музыкалык мектептер жана жалпы өнөрпоздор үчүн колдонмо болот. (MZh)
Дагы караңыз
Парламентте Ширшовдун аты аталган жаңы схемалар тууралуу айтылды Таластагы Кара-Буура району Айтматов болуп өзгөрдү Эркечтам бекети: ЖКда айдоочулардын тыгыны жөнүндө маселе көтөрүлдү Орусия: АКШ, Британия жана Канаданын элчилери ТИМге чакыртылды