Украина менен Польша дан транзитин кайра жандантууну макулдашты

Украина - дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Киев менен Варшава 22-апрелден тартып Польшанын аймагы аркылуу дан ташууну кайра жандантууну макулдашты. Өткөн аптанын аягында Украинанын Азык-түлүк жана айыл чарба министрлиги Польшанын дан импортуна тыюу салган чечими экспорт жаатында эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирип, сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырган.

Дан импортуна Венгрия менен Словакия дагы убактылуу тыюу салган. Ошондой эл Болгария да ушул кадамды караштырып жатканы белгилүү болгон. Варшава менен Будапешт өздөрүнүн айыл чарба тармагынын кызыкчылыгын коргоп жатканын айткан.

Европа комиссиясы бул жагдайдан улам соодадагы бир тараптуу чаралар кабыл алынгыс экенин эскерткен.

Согушка байланыштуу Украинанын товарлары 2024-жылдын жайына чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулгандыктан, ал жактан чыккан айыл чарба продукциясы арзан болууда.

Логистикалык маселелерден улам миллиондогон тонна буудай кошуна өлкөлөрдөгү кампаларда топтолуп калган. Натыйжада баа арзандап, жергиликтүү дыйкандардын продукциясы мурдагыдай өтпөй калган.

Апрелдин башында Румынияда фермерлер украиналык арзан буудай-арпа каптаганына нааразылыгын билдирип, Еврокомиссияны кийлигишүүгө үндөгөн.

Украина - дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Дагы караңыз

Мамлекеттик Дума чыккынчылык үчүн өмүр бою кесүүнү караган мыйзам кабыл алдыБаткен: чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды Акылбек Жапаров окуучулар митингге чыккан окуяны сынга алдыОш: окуучулар ууланган атырларга байланыштуу экспертиза дайындалды Ошто жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар иликтенип жатат