Мамлекеттик Дума чыккынчылык үчүн өмүр бою кесүүнү караган мыйзам кабыл алды

Орусиянын Мамлекеттик думасы

Орусиянын Мамлекеттик Думасы мамлекеттик чыккынчылык үчүн өмүр бою кесүүнү караган мыйзамды акыркы окууда кабыл алды. Ушу тапта андай кылмыш үчүн 12-20 жылга эркинен ажыратуу жана 500 миң рублга чейин айып пул салуу каралган. Жаңы мыйзамда ошондой эле диверсия жана терроризм үчүн жаза күчөтүлөт, Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү үчүн жаза аныкталат.

Депутаттар теракттарды ишке ашыруу үчүн максималдуу мөөнөт мурдагыдай 15 эмес, 20 жыл болсун деп сунуш кылышты. Террордук ишмердикке катышуу беренеси менен соттолгондор жети жылга чейин кесилиши ыктымал. Террордук уюмга мүчө болгондорду 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Ал эми транспорт инфраструктурасына жана калктын жашоосун камсыздаган башка объектилерге зыян келтирүү өңдүү диверсиялык аракеттер үчүн айыптуу деп табылса, жаран 20 жылга чейин түрмөгө кесилет.

Кылмыш кодексине Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү деген жаңы түшүнүк киргизилип, беш жылга чейин эркинен ажыратуу же бир миллион рублга чейин айып пул салуу каралууда.

"ОВД-Инфо" укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, былтыр Орусиянын соттору мамлекеттик чыккынчылык беренеси менен 11 өкүм чыгарды. Айрымдары Украинанын атайын кызматтарына иштеген деген айыпка байланыштуу чыккан.

"Азаттыктын" орус кызматы жазгандай, 1997-2021-жылдары мындай кылмыш үчүн 117 киши айыпталган. Мисалы, Кытайдын кызыкчылыгы үчүн чыккынчылыкка барууга аракеттенген деген негизде Приморье крайында жоокер Игорь Лукин 2004-жылы 10 жылга колонияга кесилген.