УКМК Forester компаниясынын директорун кармады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Кыргызстандагы Forester компаниясынын директору Александр Череповду кармашты. Бул тууралуу маалыматты комитеттин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады.

Мекеме күн мурун Мамлекеттик салык кызматынын он кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын кабарлаган. Атайын кызматтын 17-апрелде тараткан маалыматына караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайлап азайтканы аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон. Сот Мамлекеттик салык кызматынын он инспекторун камакка алуу чечимин чыгарган.

УКМКнын басма сөз кызматы салыкчылар менен чогуу Черепов да кармалганын, ал дагы коррупцияга шек саналып жатканын тактады. Forester компаниясында тинтүү жүргүзүлүп, Черепов УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Forester – Кыргызстандагы дистрибьютордук ири компания. Ал 1997-жылы негизделген. Компания алкоголдук ичимдиктерди, суусундуктарды, кондитердик жана консерваланган нерселерди, жууп-тазалоочу жана башка продукцияларды жеткирүү менен алектенет. (ErN)

Дагы караңыз Чукул кабар: ашууларда кар көчкү жүрүшү ыктымал

Дагы караңыз

“Чоң Жети” Орусияга жардам бергендер “олуттуу кесепеттерге” туш болорун эскерттиАкылбек Жапаров окуучулар митингге чыккан окуяны сынга алдыИИМ: курамында психотроптук зат бар дары-дармектердин тизмеси кеңейди