Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов мусулмандардын ыйык Орозо айындагы Кадыр түндүн урматына 463 жаранга ырайым берди.
Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, мунапыс тууралуу тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду.
Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоону тапшырды.
Түркмөн президенти жыл сайын Кадыр түнгө карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.
Дагы караңыз
Судандагы кагылышта 100гө жакын адам каза тапты Астанада мурдагы маданият министринин соту башталдыКремлдин сынчысы Владимир Кара-Мурза 25 жылга кесилди