Кыргызстанда Орозо айт 21-апрелде белгиленет

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт 21-апрелде болорун билдирди. Ошондой эле бул айдын чыгышына карап бир күнгө айырма болушу ыктымалдыгын эскертти.

"Ислам шариятында Орозо айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Муфтият 2023-жылдын 21-апрелин, жума күндү Орозо айт майрамы деп белгиледи",-деп жазылган маалыматта.

Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү болот. Орозо 23-мартта башталган жана мусулмандардын ыйык Орозо айы майрамдык Орозо айт менен жыйынтыкталат.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: сот Акматов менен Бекчоро уулун абакта калтырды УКМК он салык кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирдиБороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылды Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди