Чукул кабар: дыйканчылык аймактарда үшүк жүрөт

Нарын, иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, Кыргызстанда 17-18-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

"17-18-апрелдерде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, 17-18-апрелдерде Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу ыктымал. 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү мүмкүн. Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айрым кан жолдордо, ашууларда катуу кар жаап, бороон болуп жатканын кабарлаган. Мындан улам Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзмөл бекетинде машиналарга убактылуу чектөө киргизилген. Ысык-Көл облусунда Сөөк ашуусундагы кар, борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу жабылган.

Дагы караңыз

Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди Бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылды Акылбек Жапаров Маркелов менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү Славянскиде аткылоодон мерт болгондордун саны 15 кишиге жетти Иранда украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнөн улам 10 адам соттолдуАшыкча жүгү бар машиналарга бир күндө 546 миң сом айып пул салынды Путин Кремлде Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолукту