Сосновка бекетинде жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилди

Сосновка көзөмөл бекети, архивдик сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы Сосновка көзөмөл бекетинде 17-апрелде саат 14.30дан тартып жеңил машиналарга дагы чектөө киргизилгенин кабарлады. Буга байланыштуу кошумча маалымат аздан соң берилерин билдирди.

Аталган министрлик бул бекетте дүйшөмбүдө, түнкү саат 2ден тартып жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө коюлганын кабарлаган. Учурда Сосновканын жанындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат.

"Тынымсыз жааган кар жана бороондон улам учурда убактылуу тыгындар пайда болууда. Көпчүлүк машиналарга жайкы дөңгөлөк тагылган. Ошондуктан аларга ашууга чыгуу кыйын",- деп билдирген министрлик.

Учурда өлкөнүн айрым жолдорунда кар, кар аралаш жамгыр жаап, бороон уруп жатат. Кар, борошодон улам Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу убактылуу жабылды.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Ага ылайык, 16-17-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Мындай аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Али Шабдандын абактагы мөөнөтү эки айга узартылды Бороондон улам Барскоон-Ак-Шыйрак жолу убактылуу жабылды ИИМ соцтармакта кылмыш жөнүндө жалган маалымат таратпоого чакырдыАкылбек Жапаров Маркелов менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү Иранда украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнөн улам 10 адам соттолдуАшыкча жүгү бар машиналарга бир күндө 546 миң сом айып пул салынды