ИИМ соцтармакта кылмыш жөнүндө жалган маалымат таратпоого чакырды

ИИМдин имараты, архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактарда тарап жаткан, өспүрүм кыздын сабалганы тартылган видеого байланыштуу комментарий берди. Анда бул окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгону белгиленген.

"Акыркы мезгилде социалдык тармактарда жарандардын кылмыштары жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлар көбөйүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жатканы кызуу талкууга алынып, ар кандай пикир жаратууда. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып, видеого тартылган. Жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырабыз. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт!", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ кылмыш жөнүндө атайлап жалган маалымат тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык жоопкерчикке тартыларын эскертти. Кандайдыр бир фактылар болсо 102 телефонуна чалып, ички иштер органдарына билдирүүгө чакырды.

Мунун алдында соцтармактарда атасы атайын кызматта, апасы мугалим болуп иштеген кыз классташын сабап жатат деп жазылган видео тарап, талкуу жараткан.

Дагы караңыз

Славянскиде аткылоодон мерт болгондордун саны 15 кишиге жетти Иранда украиналык учактын атып түшүрүлгөнүнөн улам 10 адам соттолдуАшыкча жүгү бар машиналарга бир күндө 546 миң сом айып пул салынды Путин Кремлде Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолукту