Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза тапты. Түндүк Дарфур аймагындагы кагылышуулардан аталган агенттиктин дагы эки кызматкери жаракат алды.
Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун Хартумдагы бир учагына да зыян келгенин "Ассошиейтед пресс" жаңылыктар агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, соңку эки күн ичинде Судандагы кагылышуулардан 61 киши мерт болуп, 670тей жаран жараат алды.
Судандын Хартум баштаган бир катар аймактарында эки күндөн бери армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Соңку кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.
Аль-Бурхан менен Дагало 2021-жылдын октябрь айында Судандагы аскердик төңкөрүштү чогуу уюштуруп, өлкөдө демократиялык башкарууга өтүү аракети үзгүлтүккө учураган.
Дагы караңыз
"Чоң жетинин" башкы дипломаттары Жапонияга чогулдуБишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдүБишкекте митингдерди чектөө: адвокаттын арызы четке кагылды Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленетАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт