Судандагы башаламандык учурунда кеминде 56 адам набыт болду

Суданда жекшембиге караган түнү туруктуу армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү” куралчан тобунун ортосунда ок атышуу уланды. Анда кеминде 56 адам каза болуп, 600дөй киши жараат алды.

Reuters агенттиги Судан дарыгерлер кеңешине таянып, каза болгон 56 киши жалаң жай тургундар экенин жазган. Ал эми жоокерлердин өлүмү тууралуу так маалымат жок, журналисттер “ондогон” жоготуулар болгонун жазып жатышат.

Судандын армиясы “Ыкчам колдоо тобунун” өлкөнүн борбору Хартумга жакын жайгашкан Омдурмандагы базаларына абадан сокку урду. Борбор калаада жана ага жакын шаарларда жайкын тургундар оор артиллериянын добушу угулуп жатканын айтышкан.

Судан армиясынын башкы командачысы генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхан Al Jazeera телеканалына берген комментарийинде “Ыкчам колдоо күчтөрү” менен сүйлөшүүгө даяр экенин, эгерде алар ок атууну токтотпосо, мамлекеттин аймактагы армиясы Хартумга тартыларын эскертти.

“Ыкчам колдоо күчтөрүнүн” башчысы, Хемедти деген каймана аты бар генерал Мохаммед Хамдан Дагало буга жооп берип, Аль-Бурханды “жалганчы жана кылмышкер” деп атап, аскерлери аны сот адилеттигине салып берерин же болбосо “аёосуз өлтүрүлөрүн” убада кылды. Ошондой эле ал аскерлери туруктуу армиянын аскердик базаларын толук колго алганга чейин согушууга даяр экенин билдирди.

Saudia авиакомпаниясы Хартумдагы аэропортко сокку урулганда анын бир учагы зыян тартканын билдирди. Учурда көптөгөн авиакомпаниялар Хартумга каттамдарын токтотту. Чад бийлиги Судан менен чек арасын жапты.

“Ыкчам колдоо күчтөрү” - Судандын туруктуу армиясына кошулбаган жана Коргоо министрлигине баш ийбеген аскердик топ. Алар 2019-жылы Судандын авторитардык президенти Омар аль-Баширдин бийлигин кулаткан аскердик төңкөрүштү колдошкон.

2021-жылы 100 миңдей мүчөсү бар уюм бийликти жарандык башкарууга өткөрүп берүүнү кечеңдеткен экинчи аскердик төңкөрүштү колдоду.

Судандын туруктуу армиясы жана жарандык коом “Ыкчам колдоо күчтөрү” өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулушун талап кылып келет. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 1-апрелге чейин жыйынтыкталышы керек болчу. Бирок пландалган келишимге кол коюу белгисиз убакытка жылды.

2022-жылы Дагало Москвага барып, Кызыл деңизге Орусиянын аскердик базасын курууну кубаттаган. Базанын курулушуна Омар аль-Башир 2019-жылдагы төңкөрүшкө аз калганда макул болгон.

Суданда орусиялык “Вагнер” аскердик компаниясы иш алып барат жана бир катар жергиликтүү аскерлерди даярдаган. Ушул аптада аны менен байланышы бар алтын казуучу компаниянын кызматкери аткезчилик боюнча айыпталган.

Дагы караңыз

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдүБыйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленетАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтУкраина: Николаевдеги аткылоо эки адамдын өмүрүн алды