Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр, сүрөт музейинде "Сайма -2023" аталышындагы кароо-сынак фестивалы өтүп жатат.
Уюштуруучулардын "Азаттыкка" маалымдашынча, иш-чаранын максаты - кыргыздын салттуу маданиятын, кол өнөрчүлүгүн жана сайма чеберчилигин сактоо жана даңазалоо. Кароо сынак фестивалына өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген кол өнөрчүлөр катышууда.
Фестивалдын жыйынтыгында эң мыкты саймачы жана "Эң мыкты белдемчи-2023" сынагынын жеңүүчүсү аныкталат.
Андан сырткары, уздардын колунан чыккан туш кийиздер, паннолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги "Кийиз дүйнө" коомдук уюму уюштурууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстанда май айында катары менен беш күн эс алуу болотСлавянскиде аткылоодон сегиз жай тургун набыт болдуЖапон премьер-министри Фумио Кисидага жардыргыч зат ыргытылдыПутин аскерге электрондук чакыруу мыйзамына кол койду