Орусиянын Москва облусунун Звенигород шаарындагы мечитте 14-апрелдеги жума намаздан кийин Украинадагы согушка үндөгөн баракчалар таратылды. Бул тууралуу кыргызстандык мигрант “Азаттыкка” билдирип, бир нече сүрөт жиберген. Анын айтымында, жума намаздан кийин мечиттен чыгып бараткан ар бир адамга баракчалар таратылган. Бирок мигранттардын көбү дароо эле ыргытып жиберишкен.
Анын биринчи бетинде орус президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын сүрөтү түшүрүлүп, Орусия ислам өлкөлөрүнө жардам берүүгө аракет кылып келгени жазылат. Ага улай эле “балким мусулман элдери Орусияга жардам бере турган учур келгендир” деген сүйлөм кетет.
Буга чейин Орусиядагы мигранттарды Украинадагы согушка чакыруу активдешкени кабарланган.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын бийлиги чет жактагы согуш аракеттерине катышкандардын жоопкерчилиги карала турганын эскертип келет. (AiB)
Дагы караңыз
ИИМ “Аю” компаниясынын эки кызматкери кармалганын кабарладыАлексей Навальныйдын саламаттыгы кескин начарлаганы кабарландыТайырбек Жумашбек уулу эркин күрөштөн Азия чемпиону болду Ош: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жуудуКиев спортчуларга беларус жана орус оюнчулары менен мелдешүүгө тыюу салды"Ишеним" фракциясы Баткендеги курулуштун кечеңдеп жатканын сындады (видео)