Конфискациябы же ыктыярдуубу? "Аю” боюнча эки башка маалымат

Садыр Жапаров менен Шаршенбек Абдыкеримов. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров "Аю" компаниясынын эки заводу мамлекетке конфискация болуп жатканын, буга ишкананын жасалма акциздик маркалар менен соода жүргүзгөнү жана мыйзам бузуулары себеп болгонун айтты. Экономика жана коммерция министри болсо заводду анын ээлери мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин билдирди. Бул чечимден кийин өлкөдөгү жеке менчиктин корголушуна тынчсыздангандар да болууда.

Садыр Жапаров 14-апрелде Кыргызстандагы спирттик ичимдиктерди чыгарган “Аю” ишканасы мамлекетке өтө турганын жарыялады. Ал “Кабар” маалымат агенттигине берген интервьюсунда буга компаниянын ири мыйзам бузууларга барып, мамлекетке чоң көлөмдө зыян келтиргени негиз болгонун айтты.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады, мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат”.

Ал тапта Ички иштер министрлиги “Аю” ишканасынын заводу тинтүүгө алынып, 260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, буга чейин Токмок шаарындагы ишканалардын биринде спирт ичимдиктери мыйзамсыз өндүрүлүп жатканы жөнүндө ыкчам маалымат болгон. “Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, эки киши кармалган.

Кылмыш иштин алкагында Сокулук айылы жана Токмок шаарындагы “Токмок Буллс” ишканасынын кампалары текшерилип, мыйзамсыз 260 тоннадан ашык этил спирти, “Аю” компаниясынын бухгалтердик документтери, акциздик маркалары жок 12 миң бөтөлкөдөгү ичимдик алынган.

Милиция аталган кампалар жабылганын, кылмыш иштин алкагында 118 дарек текшерилгенин билдирди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Азырынча "Аю" компаниясынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий бере элек.

Конфискациябы же ыктыярдуу өткөрүп берүүбү?

Президенттин айтканына таянсак, “Аюнун” балансындагы спирт жана арак заводдору мамлекетке мыйзам чегинде конфискация болуп жатат. Бирок заводдорду конфискациялоо кандай кылмыш ишинин негизинде, кайсы сотто каралып жатканы жөнүндө укук коргоо органдары маалымат бере элек.

“Азаттыктын” жеке булактары “Аю” заводун анын ээлери өз ыктыяры менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берип жатышканын, конфискация иштери жүрбөгөнүн билдирди.

Муну экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев да “Азаттыкка” ырастады.

“Биринчиден, бул соттун чечими менен алынган маселе эмес. Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок”.

Сайттагы маалыматына таянсак, “Аю” компаниясы 2003-жылы түзүлгөн. Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов ээлик кылган “Аю холдингдин” курамындагы ишканалардын бири.

Компания спирт ичимдиктерин чыгарууда заманбап жабдыктар менен жабдылганы, чыгарылган ичимдиктери Кыргызстандан тышкары АКШ, Кытай, Түркия, Вьетнам, Казакстан жана башка өлкөлөргө экспорттолору жазылган. Алардын жылдык кирешеси жана жумушчуларынын саны тууралуу маалымат берилген эмес.

Дагы караңыз Көмүскөгө көчкөн ичимдик соодасы

Президенттин сөзүндө айтылган акциздик салыктан качкан учурларды укук коргоо органдары маал-маалы менен таап турат. Салык кызматы бул багытта жүргүзгөн рейддерден кийин базардагы ичимдиктердин 25% жасалма арак экени аныкталганын билдирген. Өкмөт алкоголь өндүрүүчү ишканалар көмүскөгө көбүрөөк кирип, салыктан качып жатканын билдирип келет.

Ошондон улам президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен былтыр сентябрь айынан тартып этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга 100% мамлекеттик монополия киргизилген. Бул жарлык этил спиртин өндүрүү багытын жакшыртуу, салыкты көбөйтүү, аткезчилик жол менен ташып келүүгө, контрафакттык продукцияга бөгөт коюу жана калктын саламаттыгын коргоо максатын көздөй турганы айтылган. Ага ылайык, “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасына этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өлкө аймагында өндүрүлгөн жана импорттолгон этил спиртин сатууга эксклюзивдүү укук берилген.

"Айып пул салса жетиштүү болмок"

Президенттин өлкөдөгү арак жана спирт чыгарган заводдорду мамлекетке өткөрүү боюнча чечими ар кыл кабыл алынууда. Эркин журналист Төлөгөн Сулайманов “Аюнун” тегерегиндеги жагдайга көз салып келерин, заводдогу текшерүүлөр мындан эки жыл мурда эле башталганын айтты.

“Текшерүүлөр 2020-жылдын ноябрында башталган. Бул жерде Конституциянын нормалары бузулуп жатпайбы. Ал жерде жеке менчик мыйзам менен корголот деп жазылган. Эгерде салыктан качып же мыйзам бузган болсо, аны тартып албай, айып пул салуу менен жоопко тартса болмок. Эгер мамлекет “Аюнун” чын эле жасалма акциздик маркаларды жасаганын аныктаса, аны ачык-айкын өткөрүп, коомчулукка, бизнес өкүлчүлүгүнө жана журналисттерге көрсөтүп, элди ишендириши керек. Жабык карап туруп эле аны мамлекетке алып коюу биринчи эле инвестициялык климатка терс таасир этет. Мамлекетке өзү өткөрүп берди дегени боюнча мисалы, өзүң козу кезинен баштап баккан койлоруңду бирөө келип катуу кыйкырса эле берип койбойсуң да. Менимче, бул бийликтин эле ойду бурмалоосу”.

Былтыр УКМК Ысык-Көл облусундагы “Акун” пансионатынын жери менчикке мыйзамсыз берилгенин жарыялаганда да коомчулукта жеке менчиктин коопсуздугуна байланыштуу талкуу жүргөн. Атайын кызмат буга байланыштуу 371 миллион сомго бааланган 17,65 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын маалымдаган. “Акун” Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынганын жазган.

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Медер Машиев 5-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясында “Акун” пансионаты мамлекетке өтпөгөнүн, аны менчиктештирүү боюнча маселе жок экенин айткан. Ушундай көрүнүштөрдөн улам бийлик менчикке кийлигишип жатат деген сындар айтылып келет.

Дагы караңыз Машиев “Акун” пансионаты мамлекетке өткөрүлбөгөнүн билдирди

Мамлекет кийлигиштиби?

Министр Амангелдиев бийлик “мамлекет эффективдүү колдонуучу” деген түшүнүктөн алыстап жатканын айтты. Ошондой эле ал мамлекет бардык тармакка киргени туура эмес экенин, учурда монополиялашкан тармактарда гана мамлекеттин өкүлчүлүгү бар экенин белгиледи.

Мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев мамлекет кайсы бир ишкана же бизнес жөнүндө чечим кабыл алса, аны коомчулукка ынанымдуу кылып негиздеп бериши керек деген ойдо.

“Мамлекеттин кийлигишүүсү менен башка ишкерлерге ишенич берип, калыстык бар экенин, таза иштөөгө шарт түзүлгөнүн далилдеген түшүндүрмө, маалымат, чечимдер болушу керек. Эгер бул кийлигишүүнүн арты менен көмүскө инвестиция келип, таза инвестиция кеткиси келип калса, анда натыйжасы начар болот. Кайсы жерде жеке мүлккө, менчикке кол тие баштаса, анда ал жерлерден бизнес чыгып кетип, экономика урайт”.

"Аю Холдингинин" жетекчилиги анын эки заводу мамлекетке өтүп жатканы боюнча пикирлерин билдирише элек. Соңку окуяларда саясий боёк бар деп айткандар да болууда. Буга холдингдин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаты болгонун жана саясий партия түптөгөнүн да мисал келтирип жатышат.

20 жыл мурда негизделген "Аю Холдинги" бир катар тармактарда иштейт. Холдингдин курамында 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар бар. Маселен, "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкаларды атаса болот.