АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп мурдагы адвокаты Майкл Коэнге каршы 500 миллион долларлык доо койду.
Трамп Майами федералдык сотуна кайрылып, Коэнди "жалган маалымат тараткан, 74 миң доллар өлчөмүндөгү бизнес чыгымдарын туура эмес көрсөткөн, жеке жашоочу, анын ичинде маалыматтарды ачыкка чыгарбоо келишимин бузган" деп айыптоодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Экс-президент өзү порноактриса Сторми Дэниелске аны менен жыныстык катнашта болгону тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбасын деп, 130 миң доллар төлөгөнү үчүн айыпталууда.
Нью-Йорк штатында мындай көрүнүш отчетторду жасалмалоо деп эсептелип, ага кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул иштин алкагында 2018-жылы Трамптын юристи Майкл Коэн үч жылга соттолгон.
Манхэттендеги арачылар соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка айып тагуу чечимин колдогон. Муну менен ал кылмыш иш ачылып жаткан алгачкы экс-президент болуп калды. Трамп айыптарды четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады жана 2024-жылкы шайлоодо ат салышуу планынан баш тартпай турганын билдирген.
Дагы караңыз
Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы доо арыз каралатТүркмөнстандан сыртка акча которууда кайрадан көйгөй жаралдыОш: тирешкен аткаминерлер кызматтан кол жуудуAmnesty International Тажикстандын президентине кайрылды