Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кезектеги маек куруп, анда коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттарга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Анын айтуусунда эки жарым жылдан бери коррупцияга айыпталгандар төккөн акчанын дээрлик баары мамлекеттик казынага түштү.
"Жалпысынан Башкы прокуратура, УКМК, ИИМдикин баарын бириктиргенде 10 миллиард сомдон ашык болсо керек эле. Кимде ким кызыккан болсо, комиссия түзүп барып текшерип көрсүн: кимден канча акча төгүлгөн жана кайсыл күнү казынага барып түшкөн, баары ачык. Жашыра турган эч нерсе жок. Кимден канча акча түшкөнү жөнүндө ачык жарыялап койсок деле болмок. Бирок алардын көпчүлүгүнүн "ачыкка чыгарбасаңар" деген суранычы бар. Ошол үчүн аты-жөнүн чыгара албайбыз. Эгер саясатчыбы, журналисттерден же депутаттардан болобу кимде ким кызыкса, кайрылсын. Бардык тизмени жана суммаларды көрсөтүп беребиз. Биздин жашыра турган эч нерсебиз жок. Ачык иштейбиз", - деди президент.
Мамлекет башчы коррупцияга айыпталып, бирок үй камагында жүргөндөр тууралуу да суроого жооп берип, алар үй камагында жүрсө да акталбаганын, сот уланып жатканын айтты.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, коррупцияга каршы күрөштөн 2022-жылы мамлекетке 11 млрд. 679 млн. 607 миң 984 сом зыян келтирилген. Анын 3 млрд 554 млн 193 миң 960 сому акчалай өндүрүлгөн. Ал эми 5 млрд 701 млн 715 миң 118 сому мүлк катары кайтарылган. Буга мисал катары бала бакчалар, жер тилкелери саналган. Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелде Жогорку Кеңештеги отурумда 2022-жылдагы иши боюнча берген отчетунда баяндалган.(ZKo)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров: "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатат Гаага соту Орусияны украиналык "Нафтогаз" компаниясына 5 миллиард доллар төлөп берүүгө милдеттендирдиОш облусунун жетекчилеринин ишинде мыйзам бузуу фактылары аныкталганы кабарландыПрезиденттин Оштогу өкүлү, орун басары менен кошо Кара-Суунун акими да иштен кеттиПентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган киши кармалды