Президенттин Оштогу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды

Элчибек Жантаев.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен анын Оштогу өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды.

Бул тууралуу бүгүн Ош администрациясындагы жыйында Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев жарыялады.

Анын алдында интернетте тараган чуулуу видеодон кийин президенттин Оштогу өкүлү Зияддин Жамалдинов, анын орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевдин кызматтан алынганы белгилүү болгон.

50 жаштагы Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору болуп иштеп келген. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, Түп районунун акимдигин аркалаган.

Дагы караңыз

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган киши кармалдыАзия чемпионаты: Алмаз Сманбеков күмүш байге алды Президенттин Оштогу өкүлүнүн орун басары соцтармакта тараган видео тууралуу маалымат берди