Депутат Акаев Mega компаниясы 14,6 миллиард сомго бааланганын билдирди

Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго бааланды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, 13-апрелде ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өткөн. Анда казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганы белгилүү болгон. Комиссиянын бул бааны туура деп тапкан чечими Министрлер кабинетине жөнөтүлдү.

“Кыскасы, мамлекеттик ишкананын баасы бычылды. Мен комиссиянын мүчөсү катары “каршы” добуш бердим. Бул баасына байланыштуу эмес. "Мегакомду" сатууда күмөндүү иштерге аралашкан Ширшовдун жакындары жүрөт. Ширшовдун колуна "Мегакомду" карматканы турабыз”, - деди Акаев.

Министрлер кабинети баанын бычылышы тууралуу жана депутат Акаевдин айткандарына комментарий бере элек.

11-апрелде Жанарбек Акаев “ПолитКлиника” медиасынын “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайларды ачыктаган иликтөөсүнө Башкы прокуратура көңүл бурушу керектигин билдирген. Депутат бул иште Максим Бакиев, Алексей Ширшовдун байланышы бар экенин белгилеген.

Өткөн жылдын декабрь айында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" ишканасын сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Фонддун жетекчилиги "Мега" мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганын маалымдаган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. (TSh)

Дагы караңыз

Бажы кызматы мыйзамсыз ташылган 281 машине аныкталганын маалымдады