Самаркандда Ооганстандын жакынкы коңшуларынын жолугушуусу өтүүдө

Самарканд шаарындагы Регистан аянты.

Өзбекстандын Самарканд шаарында талибдер башкарган Ооганстандын жакынкы коңшуларынын төртүнчү конференциясы өтүп жатат. Анда Кытайдын, Пакистандын, Ирандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери бул өлкөдөгү кырдаалды талкуулашат.

12-апрелде мурун Пакистан Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мумтаз Захра Балоч Самарканддагы жолугушуу ооган маселеси боюнча консенсусту бекемдөөгө түрткү болорун билдирген.

Жолугушуунун алдында Кытай ооган маселеси боюнча өз позициясын жарыялаган. Анда Бээжин Ооганстандын ички ишине эч качан кийлигишпей турганы белгиленген.

Мунун алдында чет өлкөлөрдөгү талибдерге каршы оппозиция Самарканд жолугушуусуна катышып жаткан мамлекеттерге ачык кат жолдоп, аларды "Талибанга" басым кылууга чакырышкан.

Ооган маселеси боюнча Самарканддагы жолугушуу талибдер 2021-жылы августта бийликти басып алгандан берки төртүнчү жолу уюштурулду. Алгач 2021-жылы сентябрда Пакистанда, экинчиси ошол эле жылы ноябрда Иранда жана үчүнчүсү 2022-жылы мартта Кытайда өткөн.

Ооганстандагы талибдердин бийлигин дүйнө тааныган эмес. "Талибан" кыймылы Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Дагы караңыз

Казакстанда бир катар активисттер 15 суткага камалыштыУКМК Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштер жоголгонун билдирди Карыздын санаасы: Кыргызстан ЭВФ менен Дүйнөлүк банкка кайрылдыЛенин округу боюнча шайлоого катышуу үчүн 16 киши арыз берди