Бажы кызматы мыйзамсыз ташылган 281 машине аныкталганын маалымдады

Машине базар. Архив.

Мамлекеттик бажы кызматы жана Улуттук коопсуздук комитети өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген 281 автотранспортту аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, автоунаалар жасалма документтер менен катталып, жыйынтыгында мамлекеттик казынага 285 млн. сом түшпөй калган. Учурда материалдар прокуратура органына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) сырткары мамлекеттерден сатып келген машинелердин бажы төлөмдөрү кымбат алынат.

Акыркы жылдары машинени мыйзамсыз ташыгандар пайда болгон. (TSh)

Дагы караңыз

Ленин округу боюнча шайлоого катышуу үчүн 16 киши арыз берди