Казакстанда бир катар активисттер 15 суткага камалышты

Казак полициясы

Казакстанда бир канча киши тынч акцияларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузган деген айып менен 15 суткага камалды.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, парламенттин депутаттыгына мурдагы талапкерлер Мухтар Тайжан, Лукпан Ахмедяров, Нуржан Алтаев, активист Алнур Иляшев 12-апрелде камакка алынган.

Алар "Элдик парламент" тобунун 9-апрелдеги митингине жана жаңыөзөндүк мунайчыларды колдогон акцияларга байланыштуу кармалганы маалымат каражаттары жазышты.

9-апрелде Алматыдагы "Республика" аянтында өзүн "Элдик парламент" деп атаган топтун митинги болгон. Бул топту бир ай муруңку парламенттик шайлоодо талапкер болуп, өтпөй калган жарандар түзүшкөн.

10-апрелде Мангыстау облусунан ондогон мунайчы жумуш менен камсыз кылууну талап кылып Астанага келишкен. Полиция баш калаадагы Энергетика министрлигин алдында митинг уюштурган мунайчыларды кармап кетип, эртеси бошоткон. Казакстандын түрдүү калааларында активисттердин тобу мунайчыларга тилектештик билдирип чыгышкан.

Дагы караңыз

Ленин округу боюнча шайлоого катышуу үчүн 16 киши арыз берди Иранда былтыр өлүм жазасына тартылгандар кескин көбөйдүБыйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" даректүү тасмасынын бет ачары өтөт