Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган саясатчы Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карагандан кийин кабыл алды.
Абылов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу тууралуу бир нече жолу сотко өтүнүч келтиргенин, аны операция жасаган уролог-дарыгерлердин аныктамасынын негизинде чыкканын айтты.
"Эч кандай сүйлөшүү болгон жок, айыптар туура эмес коюлган, биз акталышыбыз керек", - деди Абылов.
Мамбетжунус Абылов 2022-жылы 25-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган. 10-февралда ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, 1-мартта кайрадан абакка которулган. Абылов оор операциядан кийин саламаттыгын калыбына келтирүүгө муктаж экенин адвокаты жана жакындары билдирген.
Ушул эле күнү соттун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган саясатчы Клара Сооронкулова да үй камагына чыгарылган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. 15-мартта “Бириккен демократиялык кыймылдын” мүчөсү Улукбек Маматаев операция болгон, укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыр анын абалы да оор экенин жазган.
Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандардын көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган каты 27-мартта жарыяланган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.
Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир нечеси саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган. Адам укугун коргогон уюмдар активисттерди бошотууну кыргыз бийлигинен бир нече ирет талап кылган.(KS/ZKo)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыктыБУУ Ооганстандан кетүү маселесин караштырууда Казак прокуратурасы: Кыргызстанда Күдебаевдин качышына байланыштуу иш козголду БУУ Акыйкатчынын адам укугун коргоо аракети жогорку баага татыктуу экенин билдирди Ошто тамеки аянты быйыл 100 гектарга кеңейтилетЖыл башынан бери салык жана камсыздандыруудан 54,5 млрд. сом жыйналды