Түркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып турат

Түркмөнстан авиакомпаниясынын эн белгиси өлкө желегинин фонунда. Иллюстрация.

"Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюмунун маалыматына караганда, ушул тапта Анкарага жакын “Чанкыры” депортация борборунда 100дөй, Ван шаарында 139, Эрзурумда 200дөй түркмөнстандык кармалып турат.

Укук коргоо уюму билдиргендей, Түркияда мигранттар кармалган 30 депортация борбору бар. Ал жактагы түркмөнстандыктардын көбү рейд учурунда документтеринин жоктугу же мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кармалган.

Депортация борборунда түркмөн жарандары айлап чечим күтүп отурушат. Айрым учурда аларды коё беришет, көп учурда маселени чечүү белгисиз мөөнөткө жылдырылат.

Эки өлкө ортосундагы 15 жылдык визасыз режим маалында Түркия түркмөнстандыктар арасында эмгек миграциясы үчүн эң популярдуу багыт болуп калган. Көз карандысыз булактардын маалыматы боюнча ал жакта бир миллиондой түркмөнстандык бар.

Расмий статистикага караганда, Түркияда убактылуу жашап туруу үчүн 223 миң түркмөн жараны каттоодон өткөн.

Дагы караңыз

БУУ Ооганстандан кетүү маселесин караштырууда Казак прокуратурасы: Кыргызстанда Күдебаевдин качышына байланыштуу иш козголду Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыкты