2023-жылдын алгачкы төрт айында Мамлекеттик бажы кызматына жалпы 20 млрд. 700 млн. сомдон ашуун каражат түштү.
Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев бүгүн, 12-апрелдеги басма сөз жыйында маалымдады. Анын айтымында, Финансы министрлиги пландаган бажы төлөмдөрүнөн 1 млрд. сомго ашыкча каражат түшкөн.
"19,7 млрд. сом өлчөмүндөгү каражат түшөт деп божомолдонгон. Иш жүзүндө түшкөн каражаттын суммасы 20,7 млрд. сом болуп, белгиленген планды 105% ашык аткардык. 1 млрд. сомго жакын ашыкча акча түшүрдүк", - деди Салиев.
Министрлер кабинетинин 2022-жылдын декабрь айындагы отчету боюнча, бажыдан түшө турган төлөмдөр былтыр 24 млрд. сомго аз аткарылган.
Кыргыз өкмөтү 2023-жылдын консолидацияланган бюджетин 503,4 млрд. сом болот деп бекиткен. Бул ушул жылдын бюджетинен 99 млрд. сомго көп. 2023-жылдын расмий белгиленген бюджеттик тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашары болжолдогон. (BCh)
Дагы караңыз
Астана: жаңы-өзөндүктөр мунайчыларды бошотууну талап кылдыАжылык зыяраттын баасы 3900 долларга бааландыМамдума аскерге электрондук жол менен чакыруу мыйзамын колдодуНасыя дыйкан-фермерге эмнеге жетпеди?