Астана: жаңы-өзөндүктөр мунайчыларды бошотууну талап кылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаңы-Өзөндөгү мунайчылар Астанадагы энергетика министрлигинин алдында жумушка туруктуу орноштурууну талап кылып, акцияга чыгышкан. 11-апрелде аларды «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чакырып, мунаса таба алган эмес. Жумушчулар алардын талабы аткарылмайынча, эч жакка кетпей турганын айтышкан. Кечке жуук саат 7 чамасында күч органдары аларды кармай баштаган. Мындан кийин Маңгыстау облусунда мунайчыларды бошотууну талап кылгандардын митинги өттү.