Астанада нааразылык билдирип чыккан мунайчыларды полиция кармап кетти

Мунайчыларды кармоо учуру. Астана, 11-апрель, 2023-жыл

Жаңы-Өзөн шаарынын тургундарынын тобу акимчиликтин жанына чогулуп, Астанада Энергетика министрлиги алдында кармалган мунайчыларды бошотууну талап кылышууда.

“Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, "БЖБ" компаниясынын шаардагы жумушчулары нааразылык иретинде бир саатка ишин токтотту.

"Кезби" компаниясынын кызматкерлери да мунайчыларды бошотууну талап кылып жатышат.

Шейшембиде түштөн кийин Астананын полициясы жумушчулардын бир нечесин кармап кеткен.

10-апрелде "Берали Мангистау Company" компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

Эртеси мунайчылар "КазМунайГаз" компаниясынын өкүлдөрү менен кездешип, бирок мунасага келе алган жок.

Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев жаңыөзөндүк мунайчылардын нааразылык акциясын комментарийлеп, алар өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн Астанага келгенин айтты. Маалыматка караганда, министр жумушчуларга башка иш сунуш кылынганын, алар баш тартканын белгилеп, "көчөдө түнөгүсү келсе, алардын өз тандоосу" деп жооп берди.

4-апрелде жүз чакты жумушчу Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилиги жана "Өзөнмунайгаз" компаниясынын алдында акция өткөрүп, аларды жумушка орноштурууну талап кылып келген.

Маалыматка караганда, мунай тармагында кызмат көрсөткөн "Берали Мангистау Company" тендерди утпай калып, 200дөн ашуун киши ишсиз калган. "Өзөнмунайгаз" компаниясы жумушчуларга ошондой эле шарт менен "Кезби" компаниясында жумуш сунуш кылынганын, бирок алар баш тартканын билдирди. Мунайчылар ал жерде акча эселеп аз төлөнөрүн, келишимдер убактылуу гана экенин айтып, туруктуу жумуш менен камсыздоо талабын коюп жатышат.