Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Астанада өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду. Күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, ал 11-апрелде 59 килограмм салмакта күч сынашып, айлампа тартибинде төрт таймаш өткөрдү.
Алгач казакстандык Диана Каюманы 2:1, экинчи беттешинде өзбекстандык Сарбиназ Жиенбаеваны 11:0 эсебинде утуп, жарым финалда кытайлык Жуомалага Жуомалагага жеңилди (2:6). Коло байге үчүн беттеште казакстандык Диана Каюмова менен кайрадан беттешип, 11:6 эсебинде жеңди.
Бул күнү Билимбек кызынан сырткары кыргызстандык үч кыз күч сынашты. 55 килограмм салмакта Арууке Кадырбек кызы алгачкы беттешинде жеңилип, мелдештен четтеди. 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова 3-орун үчүн беттеште жаракат алгандыгына байланыштуу таймашты уланта алган жок.
Алдыда 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкова менен алтын байге үчүн күрөшөт. Күрөштүн бул түрүнөн таймаштар 12-апрелде уланат. Анда Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Бермет Нуридин кызы (57 кг), Нурзат Нуртаева (72 кг), Дилназ Сазанова (65 кг) килемге чыгышат. (ECh)
Дагы караңыз
Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болдуБалбан Акжол Махмудов Азиянын чемпиону болду