Укук коргоо органдары Опумбаев менен Жунушалиевге кылмыш иши козголбогонун билдирди

Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге эч бир орган кылмыш ишин козгогон эмес. Бул тууралуу 11-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен комитетинде белгилүү болду. Опумбаев менен Жунушалиев жөнүндө депутат Жусупбек Коргонбай уулу суроо берди.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев күч түзүмдөрүнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоого ИИМдин укугу жок экенин айтса, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков атайын кызматта Жунушалиев менен Опумбаевге карата иш жок экенин айтты.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да 6-октябрда кызматтан кеткен. 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз. (TSh)

Дагы караңыз

ЖК комитетинин башкы прокурор катышкан жыйынында абактагылар маселеси көтөрүлдү