Мамдуманын комитети чыккынчылык үчүн өмүр бою соттоо долбоорун жактырды

Мамлекеттик Думанын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Мамдумасынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети мамлекетке чыккынчылык жана террористтик ишмердүүлүктүн жазасын күчөткөн мыйзам долбоорун жактырды.

Мыйзам долбоору 13-апрелде экинчи окуудан депутаттардын кароосуна коюлат.

Долбоорго ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандар өмүр бою абакка кесилет. Ал эми терроризмге шектүүлөргө жаза мөөнөтүн 15 жылдан 20 жылга чейин узартуу сунуш кылынган.

Ал эми "жарандарды терроризмге азгырып, теракт жасоого тартуу" беренеси боюнча эң төмөнкү жаза мөөнөтү - 15 жыл.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылды деп табылгандар 12-20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Думанын депутаттары диверсия жасагандарга карата, анын ичинде транспорттук инфраструктураларда дагы, жаза мөөнөтүн 15 жылдан 20 жылга чейин узартууну сунуштады.

Долбоордо өмүр бою абакка кесилгендерди мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу маселеси эркинен ажыратылган адам абакта 25 жыл үлгүлүү жүрүш-туруму менен айырмаланган учурда гана каралышы ыктымалдыгы жазылган.

Украианага согуш ачкандан кийин Орусияда административдик имараттарга кол салуу жана диверсиялык аракеттер күч алган. Аскер комиссариаттарын жана башка мамлекеттик мекемелерди өрттөө аракеттери болгон.

Орусиянын Башкы штабында аскер комиссариаттарын өрттөө теракт катары сыпатталарын билдиришкен. Мурда мындай аракеттер ээнбаштык жана мамлекеттик мүлктү бүлүнтүү катары каралчу.

Орус-украин согушу башталгандан кийин орусиялык жарандарды мамлекетке чыккынчылык үчүн айыптоо да арбыган. "Биринчи бөлүм" фондунун адвокаты Евгений Смирновдун маалыматына караганда, учурда бир ай ичинде бул берене менен айыпталгандардын саны согушка чейинки убактагы бир жылда айыпталгандардын санынан көп болууда.

Дагы караңыз

Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпиону болдуУкраина: Ракеталык чабуулдун курмандыктары Бишкекте каракталган жолтандабас Ошто прокурор колуна кантип тийди? Кыргызстан-АКШ: Вашингтондогу жолугушуу, кабыл алынбаган келишим "Биринчи мугалимдеги" айыл мектепке муктаж