БУУнун өкүлү Тажикстандагы диний абал менен таанышат

Назила Ганея

БУУнун дин жана ишеним эркиндиги боюнча атайын баяндамачысы Назила Ганея 11-21-апрель аралыгында Тажикстанда расмий сапар менен болот.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Назила Ганея бул өлкөдөгү дин эркиндигинин абалы менен таанышат. Ал өкмөт бул багытта эл аралык милдеттемелерин кантип аткарып жатканын байкайт.

БУУнун атайын баяндамачысы 11 күндүк сапарынын жүрүшүндө бийликтин, ар түрдүү диндердин, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугары айтылууда. Назила Ганея тажик бийлигинен Хорог жана Кожент шаарларына да барууга уруксат сурады.

Атайын баяндамачынын кортундулары жана сунуштары БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине 2024-жылы мартта сунушталат.

БУУнун атайын баяндамачысынын сапары Дүйшөмбү дин эркиндигин чектегени үчүн сынга кабылып жаткан маалга туш келди. АКШнын дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги жөнүндө былтыр жарыялаган баяндамасында Тажикстан жарандардын дин тутуу укугун жана эркиндигин бузган өлкөлөрдүн катарына кирген.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: абактагылар парламентке кайрылды Ленин шайлоо округуна 12 талапкер арыз берди Журналисттер, укук коргоочулар Кара-Мурзаны бошотууну талап кылыштыМурдагы судья Жээнбекованын жери боюнча соттун мөөнөтү жылды