Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Пасха майрамынын алдындагы соккуларын айыптады.
Ал жекшембидеги кайрылуусунда, Запорожье шаарындагы чабуулда 11 жаштагы кыздын жана анын атасынын өмүрүн кыйылганына токтолуп, "террордук мамлекет диний майрамды ушинтип белгилейт" деди.
Зеленский "Орусия өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтуп жатканын" айтып, келерки жылдагы Пасханы украиналыктар тынч жана эркиндик менен тосо турганын билдирди.
Бир күн мурун Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы орус аскерлери Запорожьедеги турак жайга сокку урганда 50 жаштагы тургун менен анын 11 жаштагы кызы каза болгонун кабарлаган.
10-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлер Донбасста төрт багытта - Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинкада чабуулду улантканын, 58 соккунун мизи кайтарылганын маалымдады.
Дагы караңыз
БШК:14 айылдык кеңештеги шайлоодо шайлоочулардын 39% добуш берди Айылдык кеңештерге шайлоо: жаңы технология сыноодон өттүӨзбекстанда блогер "арам йогурттар" деген видеосу үчүн 15 суткага камалдыКылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 31-орунда