Кытай Тайвандагы жана анын айланасындагы болжолдуу буталарга сокку уруу боюнча аскердик машыгууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын CCTV мамлекеттик каналы билдирди.
Үч күнгө созула турган машыгуулар 8-апрелде башталган. Бээжин муну Тайван президенти Цай Инвэнге “катаал эскертүү” деп атады. Ал өткөн жумада АКШга барып кайткан.
Кытайдын армиясы аралды курчап алуу операциясы үчүн машыгууда. Ишембиде Тайвандын бийлиги Кытайдын 70тей аскер учактары айланып жүргөнүн маалымдаган.
АКШ Кытайды сабырдуулукка чакырды. Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Вашингтон Бээжиндин иш аракеттерине дыкат көз салып турарын жана аймактагы коопсуздукту камсыздоого күчү жетерин билдирген.
Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Кытай Тайванга чабуул койсо, кийлигишерин бир нече ирет эскерткен.
Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алышына каршы.
Дагы караңыз
"Борбор Азия санкция салынган өлкөлөрдүн курчоосунда калды" Зеленский Рамазан айында ооз ачыруу иш-чарасы салтка айланарын билдирди Запорожье: Орусиянын ракеталык соккусу ата-баланын өмүрүн алды Украинанын Башкы штабы: Орусия согушта 178 миңдей аскерин жоготту