Сузакта чагылган тийген үй күйүп кетти

Чагылган түшкөн үй. 8-апрель, 2023-жыл. Жалал-Абад облусу, Сузак району.

Сузак районунун Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан үйгө 8-апрелдин таңында чагылган түшүп, күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай, турак үй өрттөнүп жаткан учурда 14 жаштагы эгиз балдар, алар менен теңтуш дагы бир бала терезеден качып чыгышкан. Үйдө алардан башка эч ким болгон эмес. ӨКМ үй жараксыз абалга келгенин жана жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Балдар туугандарыныкына жайгаштырылган, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Зеленский Польша Украинага 200 “Росомак”техникасын берерин билдирдиTwitter орус бийлиги менен байланышкан аккаунттардан чектөөнү алдыБШК: 144 шайлоочу добушканалардан тышкары добуш бердиКыргызстанда 14 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө