"Талибан" өкмөтүнүн "кооптуу" каналы. Ташкент эмнеге үн катпайт?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстанда "Талибан" өкмөтү куруп жаткан Кош- Дөбө каналы Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүндө олуттуу суу таңкыстыгын жаратышы мүмкүн. 2022-жылдын 31-мартында талибдер  өлкөнүн түндүгүндө чоң канал куруу долбоорун сунуштаган. Канал чөлкөмдөгү төрт өлкөгө суу берген Амударыядан башталат. ("Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын материалынын негизинде даярдалды)