Мелитополь шаарында катуу жардыруулар болгону кабарланды

Мелитополь шаарын Орусиянын аскерлери согуштун башында басып алган.

Орусиянын аскерлери басып алган Украинанын Мелитополь шаарында 6-апрелге караган түнү катуу жардыруулар болду. Бул тууралуу шаардын мэри Иван Федоров Telegram каналына жазып, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат берген жок.

Запорожье облусундагы Мелитополь шаарын орус аскерлери согуштун башында эле басып алышкан.

“Азаттык” радиосунун орус кызматы Украинадагы жана Орусиядагы атын атабаган булактарына таянып, Херсондон чыккандан кийин Орусия түштүк фронттун командачылыгын Мелитополго өткөрүп бергенин билдирди.

Украинада согуш башталгандан бери Мелитополь бир нече жолу аткылоого кабылды. Акыркы күндөрү шаарда утур-утур жарылуулар болууда. (BTo)

Дагы караңыз

Украинада согуш башталгандан бери 50 укук коргоочу, журналист набыт болдуАлмамбет Матубраимов Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болдуАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирдиИзраилдин полициясы Ал-Акса мечитинин жанында палестиналыктар менен кагылыша кеттиАкыйкатчы зордукталган секелектин иши боюнча сот чечимдерин сынга алдыЭстония санкцияга кирген орус телеканалдарын көрсөткөн 53 порталды бөгөттөдү