Жалал-Абад шаарында Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

7-апрель Элдик апрель революциясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы. Жалал-Абад шаары. 6-апрель, 2023-жыл.

Жалал-Абад шаарында 7-апрель Элдик революциясында курман болгондор эскерилди. 6-апрелде өткөн эскерүү иш-чарасы “Эркиндик” аянтында өттү.

Ага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, жергиликтүү тургундар, окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

Эрнисбек Ормоков 13 жыл мурда кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыкканын билдирип, эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылышы керек экенин айтты.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө 100гө жакын киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (TB)

Дагы караңыз

Украинада согуш башталгандан бери 50 укук коргоочу, журналист набыт болдуАлмамбет Матубраимов Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы болдуАкылбек Жапаров электр энергиясына таңкыстык күчөгөнүн билдирдиИзраилдин полициясы Ал-Акса мечитинин жанында палестиналыктар менен кагылыша кеттиАкыйкатчы зордукталган секелектин иши боюнча сот чечимдерин сынга алдыЭстония санкцияга кирген орус телеканалдарын көрсөткөн 53 порталды бөгөттөдү