Ошто вице-мэр менен мэрдин кеңешчиси кызматтан кетти

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов менен мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров кызматынан кетти.

Маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы ырастап, алар өз арызы менен кеткенин билдирди.

Шаардык бийликтеги жеке булактар "Азаттыкка" вице-мэр жана кеңешчи мурунку “Пионер” эс алуу багындагы жер тилкесине байланыштуу кызматтан кеткенин маалымдашты.

Жасур Азимов ал жерди алмаштырууга тиешеси жок экендигин айтып келет. Буга чейин алмашылган тилкелерди баалоодо мыйзам бузулганы маалымдалган. Ишти шаардык прокуратура териштирип жатат.

Азимов вице-мэрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Ал эми Мухтарбек Зулпукаров өткөн жылдын ноябрында Бакытбек Жетигенов Ошко мэр болуп дайындалгандан кийин кеңешчи болуп барган. (DSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы өтөтАКШ Украинага 2,6 миллиард долларлык аскердик жардам берилерин билдирдиАКШнын экс-президенти Дональд Трампка айыбы угузулдуФинляндия НАТОго расмий кошулду