Бишкекте 2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу укук коргоо органдарынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши аягына чыга элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Ал окуядан эки жыл өтсө да жыйынтык чыкпаганын, милиция кызматкерлерине чара көрүлбөй жатканын айтты.
“Бир ай мурун “иш тергелип атат, күнөөлүү адамдар жоопко тартылат” деп жооп беришкен. Апрелде кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетет. Эми “мыйзам боюнча жоопко тарта албайбыз” деп ишти токтотуп коюшат окшойт. Азырынча кимди жоопко тартат, маалымат жок”.
ИИМ тараптан азырынча комментарий ала элекпиз.
2021-жылы 5-апрелде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекованы топ адамдар күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү талаадан табылган. Кыздын өлүмү боюнча иш кийин токтотулган, буга ага кол салган Теңизбаев өзүн-өзү өлтүргөнү себеп болгон. Ал эми аны уурдоого катышкан беш киши 6,5-7 жылга кесилген.
Видео далил бар экенине жана күбөлөрдүн кайрылууларына карабастан бул окуя Айзаданын өлүмү менен аяктагандыктан, милиция кызматкерлерине 2021-жылы 8-апрелде “Шалаакылык” беренеси менен иш козголгон. Маркумдун жакындары, жактоочулар милиция кызматкерлери жазаланбай жатканын айтып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Базар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элекБУУ: согуш Украинада кеминде 501 баланын өмүрүн алдыТажик мигранты 100 жылга чейин Орусияга кире албайтБишкектеги Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү каралуудаАКШ дипломаттары камактагы журналист менен жолуга албай жатканын билдирдиНидерландда темир жол кырсыгында бир киши каза таап, 30 чактысы жаракат алды Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда күн ачык болот