Тажик мигранты 100 жылга чейин Орусияга кире албайт

Орусиядагы тажик мигранттары. Архивдик сүрөт

Тажикистандын жараны Алижон Рахмонов Орусиядан 100 жылга депортацияланды. Соттун тиешелүү чечиминин көчүрмөсүн укук коргоочу Каримжон Ёров жарыялаганын "Озоди" радиосу жазды.

Документке ылайык, 26 жаштагы мигрантка дүйшөмбү күндөн 2123-жылдын 3-апрелине чейин Орусияга кирүүгө болбойт.

Журналисттер соттон комментарий алууга мүмкүн болбогонун кабарлашты.

Ёровдун айтымында, Рахмонов Орусиядагы миграциялык эрежелерди бузган деп айыпталган. Укук коргоочу мындай окуя Орусиянын тажрыйбасында мурда болуп көрбөгөнүн белгиледи. Ага чейин дагы бир тажик мигранты 99 жылга депортацияланган. Ёров мындай чечимдер "мигранттар өз укуктарын коргоого аракет көргөндө" кабыл алынат деп эсептейт.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, акыркы бир нече жылда Орусиядан 200 миңдей тажик жараны депортация болгон. Адатта аларга үч жылдан 15 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Дагы караңыз

Бишкектеги Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү каралуудаАКШ дипломаттары камактагы журналист менен жолуга албай жатканын билдирдиНидерландда темир жол кырсыгында бир киши каза таап, 30 чактысы жаракат алды