БУУ: согуш Украинада кеминде 501 баланын өмүрүн алды

БУУ Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 501 украиналык бала чарчап калганын ырастады.

Уюмдун балдар фондунун – ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел билдиргендей, бул – тактоого мүмкүн болгон гана статистика. Ал миңдей украиналык жеткинчек жараат алганын кошумчалап, "Согушта алган көзгө көрүнбөгөн жарааттардан адам өмүр аягына чейин жабыркашы мүмкүн", - деп айтты Рассел.

ЮНИСЕФтин жетекчиси ар бир бала тынч жашоодо чоңоюуга татыктуу экенин белгиледи.

Ал эми украин башкы прокурорунун кеңсеси быйылкы жылдын 3-апрелине карай орусиялык баскынчылыктан 467 бала набыт болгонун, 994ү түрдүү жараат алганын билдирди.

"Бул сандар так эмес. Согуш аракеттери жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактарда маалыматты тактоо иши уланууда", - деп кошумчалады прокуратура.

Андай учурлардын бири өткөн жума күнү, 31-мартта Донецк облусунун Авдеевка шаарында болгон. Орус аскерлеринин артиллериялык аткылоосунан беш айлык ымыркай чоң энеси менен кошо мерт болгон.

Андан тышкары Киев каршы тараптын аскерлери ээлеп алган облустардан украин жеткинчектерин Орусияга алып кетип жатышканын айтып, алардын тизмесин берүүнү талап кылууда.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо тууралуу ордер чыгарган. Аларга украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.

Москва айыптарды четке кагып, Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурорлоруна кылмыш ишин козгоду.

Дагы караңыз

Бишкектеги Горький көчөсүнүн аталышын өзгөртүү каралуудаБазар-Коргондо 14 жаштагы өспүрүм төрт күндөн бери табыла элекИИМ маңзат соодасына байланыштуу үч киши кармалганын билдирди