Базар-Коргондо дайыны чыкпай жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө уланууда

Өспүрүмдү тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери 2-апрелде дагы уланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ак-Булак айылында жашаган 14 жаштагы өспүрүмдүн дайыны чыкпай жатканын билдирди.

Ага ылайык, 112 кызматына 2009-жылы туулган М.Ф жоголгону тууралуу маалымат түшкөн жана издөө 1-апрелде башталган. Ишемби күнү өспүрүмдү куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган 100дөй адам издеген. Тоо-таш, талаа-түздөн издөө иштери 2-апрелде дагы уланып жатат.

Министрлик өспүрүм качан, кандай жагдайда дайыны чыкпай жатканын тактаган жок.

Дагы караңыз

“Интерньюс” медиасабаттуулукка багытталган улуттук өнөктүк баштады Италия биринчилерден болуп ChatGPT чат-ботун колдонууну токтоттуПрезидент Жапаров ооруканаларда балдарга акысыз дары берүүнү тапшырдыWSJ: Гершковичти Орусияда атайын кызмат аңдып жүргөн болушу мүмкүнУкраина Медведев менен Кабаеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салдыСадыр Жапаров тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын айтты