Украина Медведев менен Кабаеванын үй-бүлө мүчөлөрүнө санкция салды

Дмитрий Медведев жубайы менен, архивдик сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орусиялык жарандарга жана мекеме-ишканаларга каршы кезектеги санкция тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, “кара тизмеге” 33 адам жана 200дөн ашык компания кошулду.

Документте Орусиянын мурдагы презденти, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Владимир Медведевдин жубайы менен уулу бар. Ошондой эле санкцияга орус президенти Владимир Путин менен мамилеси бар делген Олимпиада чемпиону Алина Кабаеванын энеси дагы кирди.

Санкцияга Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кыздары, бир катар аймактын башчылары, ири ишканалардын жетекчилери дагы илинди. Ошондой эле Финансы министрлиги, Федерация кеңеши дагы киргизилди.

Москва Киевдин жаңы санкциялык тизмеси тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери бир катар өлкөлөр орус бийлик өкүлдөрүнө жана алардын жакындарына, жарандарына жана ишканаларына каршы санкция салган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров тергөө абагынын ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын айтты ИИМ Ногойбаевдин билдирүүсүнөн улам ички иликтөө жүргүзүп жататМиргүл Айткулованы сүзүп кеткен айдоочу жети жылга соттолдуСадыр Жапаров Бишкектеги автобустар маселесин чечүүнү тапшырды Associated Press: Дональд Трампка кеминде бир кылмыш айыбы коюлат Медиа уюм президенттик администрациянын акциясын сындады Авдеевкага урулган соккуда беш айлык наристе менен чоң энеси мерт болду