Миргүл Айткулованы сүзүп кеткен айдоочу жети жылга соттолду

Коллаж. Маркум Миргүл Айткулованы 30-январда Бишкектеги көчөлөрдүн бириндеги жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен.

Бишкекте машине сүзүп кетип каза болгон 50 жаштагы Миргүл Айткулованын өлүмү боюнча ишти Биринчи Май райондук соту 31-мартта өкүм чыгарды. Маркумдун баласы Азизкан Айткуловдун билдиришинче, судья айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Миргүл Айткулованы 30-январда эртең мененки саат 8.40тар чамасы башкалаанын Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Окуя тартылган видеодон ал жолдон өтүп баратканда Honda Fit үлгүсүндөгү такси катуу ылдамдык менен кызылдан өтүп барып коюп кеткенин көрүүгө болот. Маркум ооруканага оор абалда жеткирилип, үч күн эс-учуна келбей каза болгон.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пунктуна ("Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун") ылайык айып коюлган.

3-февралда Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен айыпталуучу 20-февралга чейин камакка алынган. 15-февралда анын мурда соттолбогону, жашы улгайып калганы жана ден соолугу эске алынып, бөгөт чарасы 2-мартка чейин үй камагына өзгөртүлгөн. 1-мартта анын бөгөт чарасы дагы бир айга узартылган. Буга чейин маркумдун жакындары айыпталуучу камакка алынбай жатканын айтып даттанып жатышкан.

Дагы караңыз

Associated Press: Дональд Трампка кеминде бир кылмыш айыбы коюлат ИИМ Ногойбаевдин билдирүүсүнөн улам ички иликтөө жүргүзүп жататМедиа уюм президенттик администрациянын акциясын сындады Авдеевкага урулган соккуда беш айлык наристе менен чоң энеси мерт болду Жон Кирби америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырдыЭл аралык валюта фонду Украинага 15,6 миллиард доллар бөлөтАламүдүндө Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси көтөрүлдү Бишкек мэриясы бала бакчаларда мыйзамсыз акча чогултууну талкуулады