Украина өз спортчуларына орусиялыктар менен беларустар ойногон мелдештерге катышууга тыюу салды. Чечимди өлкөнүн министрлер кабинети кабыл алды. Бир катар федерациялар аны колдоп-кубаттады.
Тыюу 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарынын квалификациялык мелдештерине да тиешелүү. Аны аткарбаган спорт федерациялары улуттук макамынан ажырашы мүмкүндүгү эскертилди.
Мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин резолюциясына жооп иретинде кабыл алынды. Комитет жакында Орусиянын жана Беларустун спортчуларын дүйнөлүк мелдештерге нейтралдуу макамда гана чыгарууну сунуштаган.
Украинадагы согуштан улам орусиялык жана беларусиялык спортчулар буга чейин эл аралык мелдештерге катышуудан четтетилген. Аны бир катар өлкөлөр кубаттаган.
Дагы караңыз
Дональд Трампка прокуратура айып тактыАкыйкатчы өспүрүмдү зордуктоо оор кылмыш экенин эскерттиБайсалов аша чапкан блогерлер тартипке чакырыларын айтты Кымбатчылыкка себеп болгон факторлор: согуш, кризис жана логистикаБишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды