Активист Болот Ибрагимов президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу "Азаттыкка" президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады. Ибрагимовду дайындоо жарлыгына президент бүгүн, 31-мартта кол койгон.
Ал коррупция менен күрөшүү боюнча маселелерде кеңеш бере турганы айтылды.
Болот Ибрагимов "Эл Үмүтү" саясий партиясынын мүчөсү катары Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого катышкан.
Социалдык тармактарда жол эрежесин бузган айдоочулар жана жол көзөмөл кызматтарын видеого тартып чыгарган блоггер катары таанымал. 34 жашта, кесиби боюнча программист. (BCh)
Дагы караңыз
Кыргыз жарандыгын алган орус үлкөндөрүАйдаркенде сымап комбинаттын жумушчулары иш таштады "Алькони" заводунда өрт чыктыБажы кызматы Беларуста кармалып турган автоунаалар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө