31-мартка караган түнү, саат 03:10до Бишкектеги жарым фабрикат тамак чыгаруучу "Алькони" заводунда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерге беш өрт өчүрүүчү бөлүк тартылып, жыйынтыгында өрт саат 6:00го чукул өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жалын 3 500-4 000 чарчы метр жерди каптаган. Учурда өрттүн себеби жана кесепети такталып жатат.
Акыркы аптада бир нече жерде өрт катталды.
30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөнү кабарланган.
24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада өрт чыгып, анын жалыны болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат кечки саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетишин көзөмөлгө алуу максатында нөөмөт уюштурулган. Эртеси күнү кайра тутанган өрт тез эле өчүрүлгөн.(ZKo)
Дагы караңыз
Байсалов аша чапкан блогерлер тартипке чакырыларын айтты Нью-Йорктун арачылар соту Дональд Трампка кылмыш айыбын колдоду"Демократия үчүн саммиттин" декларациясын айрым өлкөлөр колдогон жок“Мега” кимдердин көзүн кызартууда?