Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата веложарыш өтөт

Ош шаарында өткөн вело жарыш. Апрель, 2017-жыл. (архив)

2-апрель күнү Бишкектин 145 жылдыгына карата веложарыш өтөт. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, жарыш жекшемби күнү саат 9:00дө Ала-Тоо аянтынан башталат. Бир жарым сааттан кийин, саат 10:30да Түштүк магистралдагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында жыйынтыкталат.

Иш-чара майрамдык театрлаштырылган оюн-зоок программасы, Улуттук филармониянын симфониялык оркестринин жана эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот.

Иш-чаранын катышуучуларынын коопсуздугуна шаардык патрулдук милиция кызматкерлери көз салат.

Веложарышка катышууну каалагандар алдын ала катталууга тийиш.

Кыргызстанда сергек жашоого чакырган "Ден соолук", "J fest", "Жибек жолу" жана башка веложарыштар уюштурулуп жүрөт.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда жаза өтөп жаткан дагы бир тажик жараны Украинада каза болдуОрунбеков АКШ элчиси менен маалымат тармагында кызматташууну талкуулаганын билдирди Президент Жапаров шиңжаңдык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырдыКыргыз жарандыгын көксөгөн орус элитасы